17.07.2018 11:52

Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын эки тилкеси боюнча макулдашууга келишти

Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын эки тилкеси боюнча макулдашууга келишти

Кыргыз жана өзбек өкмөттөрү бекиткен план-графикке ылайык, 9-15-июль күндөрү Ош шаарында эки өлкөнүн өкмөтүнүн жумушчу тобунун Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрү өттү. Бул туурасында коңшу өлкөнүн ЖМКлары ӨР ТИМине таянып жазып чыкты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2018-жылдын 2-июлунан тартып, 7-июлуна чейин Өзбекстан тараптан  Наманган жана Фергана, Кыргызстан тараптан Баткен жана Жалал-Абад облустарынын чегинде жайгашкан тилкелер боюнча  өткөн бирдиктүү талаа текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы каралып чыкты.

Анын натыйжасында мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсү эки тилке боюнча: Гава тилкеси боюнча толук жана Гавасай тилкеси боюнча жарым-жартылай аныкталды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тиешелүү Протоколго кол коюлду.