22.04.2020 12:40

Кыргызстанда 12 милиция кызматкерине коронавирус жуккан

Кыргызстанда 12 милиция кызматкерине коронавирус жуккан

Кыргызстанда укук коргоо органдарында иштеген 12 кызматкерден коронавирус аныкталды. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Тартип сакчылары COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.

"Акыркы маалыматтар боюнча, 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бардыгы ооруканада дарыланып жатышат. Алардын бири азыркы учурда реанимацияда. Иликтөөнүн жыйынтыгында бардыгы коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталды",-деди Нурболот Үсөнбаев.

Бүгүн, 22-апрелге карата жаңы 22 учур катталып, коронавирус жуктуруп алгандар саны 612  адамга жеткен. Алардын арасынан 157 адам медицина кызматкерлери. 254 адам илдеттен сакайып чыкты, жети адам көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдогон.