11.06.2018 12:15

Кыргызстанда 15-июнь дем алыш күн деп жарыяланды

Кыргызстанда 15-июнь  дем алыш күн деп жарыяланды

15-июнда Кыргызстандыктар иштешпейт. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен  билдиришти.

Маалыматта, «15-июнь Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен,  Эмгек кодексинин 113 беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" мусулман майрамы Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күнү болуп саналат», -деп жазылган.