Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алышты

Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алышты

СOVID-19 вирусуна чалдыккандардын арасында дарыгерлер дагы бар.  Алардын саны 9 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов кабарлады.

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

Бүгүн, 4-апрелге карата коронавирус дагы 14 кишиден табылган. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жала-Абад облусунда катталган. Алардын ичинен:

  • Бишкек – 1
  • Ош облусунда – 5
  • Ош ш. – 2
  • Джалал-Абад облусунда – 6

Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.

  • Бишкек – 15
  • Ош ш. – 12
  • Ош облусунда – 35
  • Баткен облусунда – 3
  • Джалал-Абад облусунда – 67
  • Чуй обсусунда – 6
  • Иссык-Куль обслусунда – 2
  • Нарын обслусунда – 4

2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Дагы 6 киши оорудан сакайып чыгышты. 4 бейтаптын абалы оор. 1 киши реанимацияда. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.