19.03.2020 17:44

Кыргызстанда АКШ доллары кескин кымбаттап, баасы 85 сомго жетти

Кыргызстанда АКШ доллары кескин кымбаттап, баасы 85 сомго жетти

Кыргызстанда бир сааттын ичинде доллардын курсу дээрлик 12 сомго көтөрүлүп, 85 сомго жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, өлкөдөгү көпчүлүк коммерциялык банктар АКШ долларынын курсун бүгүн, 19-мартта 17:30дан кийин көтөрүшкөн.

Учурда долларды 84,4-84,7 сомдон сатышып, ал эми номиналдык курс 72,9 сом деп көрсөтүлгөн.

Ал ортодо борбор калаадагы акча алмаштыруу жайлары түштөн кийин долларды такыр эле сатыкка коюшкан эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда АКШ долларынын кымбатташы Россиянын акча бирдигинин куну азайганына дал келүүдө.