Кыргызстанда дагы 11 бейтап коронавирусту жеңди

Кыргызстанда дагы 11 бейтап коронавирусту жеңди

Бүгүн,4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынан бир сутка ичинде 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

• Бишкек ш. – 7

• Нарын облусу - 4

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бүгүн, 4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды. Илдетке жалпы 830 адам кабылды. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилген.