16.08.2018 16:14

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы көтөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн. Ага жол берчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп, президенттин чечими күтүлүүдө. Документке ылайык, жөнөкөй турак үйлөрдөн баштап кичи жана орто ишканаларга тартылган электр чубалгалары менчиктештирилет. Электр энергетикасына ишкерлер келген соң тарифтерди каалагандай калчашы мүмкүн, дешет адистер. Ким мындай элге каршы мыйзамды демилгеледи? Ал күчүнө кирсе жөнөкөй абоненттерди эмне күтөт? Кабарчыбыз талдап көрдү.