Кыргызстанда кийинки жумада коронавирустун жайылышы туу чокусуна жетиши ыктымал

Кыргызстанда кийинки жумада коронавирустун жайылышы туу чокусуна жетиши ыктымал

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кийинки жума оорунун жайылышынын туу чокусу болот деп божомолдоп жатышат. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-апрелдеги брифингде айтты.

“Алдын ала байкоолорго караганда кийинки жумада оору көп катталган учур өтүшү мүмкүн. Балким сандар дагы көбөйөт. Бирок адатта бул учур өткөндөн кийин абал турукташат. Бул мезгил өткөндөн кийин карантиндик чаралар боюнча абалды байкаштырабыз”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.