Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

Бир сутка ичинде коронавирустан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Чуй облусунан бир аял киши 70 жашта, Ош шаарынан бир эркек киши 79 жашта. Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 568 кишиге жетти.  

  • Жалал-Абад облусу – 105
  • Ош облусу – 147
  • Ош ш. – 87
  • Чүй облусунда – 32
  • Бишкек ш. – 115
  • Баткен облусунда – 6
  • Нарын облусу – 68
  • Ысык-Көл облусунда – 8
  • Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.