Кыргызстанда коронавируска чалдыккан үч бейтаптын абалы оор

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан үч бейтаптын абалы оор

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккандардын саны 84 кишиге жетип, ичинен үч бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди.

"2020-жылдын 29-мартына карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын ичинен үчөөнүн абалы - оор, алар реанимацияда. Эки бейтап - Өзгөн районунда, бир бейтап - Сузак районунда", - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

Бүгүнкү күндө коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учурлар:

  • Чүй облусунда – 2 учур
  • Бишкек шаарында -4 учур
  • Нарын шаарында – 1 учур
  • Ош облусунда – 6 учур
  • Жалал-Абад шаарында – 13 учур

Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.