Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 9 кишиге көбөйдү. Жалпысынан 125 киши

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 9 кишиге көбөйдү. Жалпысынан 125 киши

Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлайт.

Бүгүн, 3-апрелге карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Белгилей кетсек, коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 5 киши сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган