Кыргызстанда коронавирустан 2 адам сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Кыргызстанда коронавирустан 2 адам сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов кабарлады.

Штабдын билдирүүсүндө "Ала-Бука районунда эки адам COVID-19тан айыкты.

«Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканадан 3 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Ала-Бука аймактык ооруканадан дагы 2 жаран (бир аял, бир эркек) чыгарылды», — дейт Касымбек Мамбетов.

Мамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 1 миң 928 адам аныкталды. Анын ичинен 1-категориядагылар 478, 2-категориядагылар 1 миң 450 адамды түзөт.

18-марттан 2-апрелге чейин өлкөдө коронавирус жуккан 116 учур катталды. Буга чейин Жалал-Абадда үч бейтап айыгып чыккан.