Кыргызстанда коронавирустун 5 жаңы учуру катталып, жалпы саны 116 кишиге жетти

Кыргызстанда коронавирустун 5 жаңы учуру катталып, жалпы саны 116 кишиге жетти

Бүгүн, 2-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун дагы 5 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, калган үчөө - ооругандар менен байланышта болгондор.

“2-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учурдун ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2”, - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан коронавирусту жуктургандардын саны биздин өлкөдө 116 кишиге жетти. Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда.

  • Жалал-Абад облусунда – 54;
  • Ош облусунда – 30;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Ош ш. – 10;
  • Бишкек ш. – 8;
  • Нарын облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 2

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.