Коронавирус: Жаңы учурлар жок. Илдет жуктурган 6 киши реанимацияда

Коронавирус: Жаңы учурлар жок. Илдет жуктурган 6 киши реанимацияда

Бүгүн, 26-мартка карата Кырогызстанда коронавируска чалдыккан жаңы учурлар катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Учурда өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

  • Ош облусунда – 20 учур,
  • Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
  • Бишкек ш. – 3 учур,
  • Чүй облусунда – 1 учур,
  • Баткен облусунда – 1 учур.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирусту жуктурган жарандардын абалы тууралуу дагы маалымат берди. Ага ылайык, 6 адамдын абалы оор деп айтылды.

Стационардык дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын абалы:

  • 122 киши – абалы канааттандырарлык
  • 10 адам – абалы орточо оор
  • 6 адам – реанимацияда
  • 34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.

Эсмке салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот,