14.05.2020 09:27

Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 14-майда саат 03:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалымдайт.

Маалыматка караганда, жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.