04.03.2020 09:00

Кыргызстанда саясий репрессияга каршы комитети түзүлдү

Кыргызстанда саясий репрессияга каршы комитети түзүлдү

Кыргызстанда Саясий репрессияга каршы туруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу комитеттин аткаруучу директору Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бардык президенттердин тушунда бийлик оппозициялык көз караштагы жарандарды репрессиялап, кысым кылууга сотторду, күч органдарын, кол бала маалымат каражаттарын, атүгүл криминалды пайдаланып келген.

«Тилекке каршы, азыркы бийлик учурунда да бул көрүнүш өзгөргөн жок. Парламенттик шайлоонун алдында саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер түрдүү кол салууларга, камоолорго, маалыматтык чабуулдарга кабылып жатышат. Аларга көп миллиондогон соттук доолор коюлууда. Буга каршы туруу үчүн биз Саясий репрессияларга каршы туруу комитетин түздүк», — деп жазылган билдирүүдө.

Комитет саясий туткундардын, сот адилетсиздигинен жапа чеккендердин жана өзүнүн жарандык ишмердиги үчүн куугунтукка алынгандардын укугун, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону көздөөдө.