13.04.2020 14:42

Кыргызстанда өзгөчө абал узартылабы? Тиешелүү сунуш президентке жөнөтүлдү

Кыргызстанда өзгөчө абал узартылабы? Тиешелүү сунуш президентке жөнөтүлдү

Бүгүн, 13-апрелде, оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

Ага ылайык, президенти Сооронбай Жээнбеков Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Кубатбек Боронов акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

Бул себептүү коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгын билдирген.

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.