10.05.2018 11:10

Кыргызстандан эс алууга бара турган окуучулардын көпчүлүк чыгымын Кытай тарап көтөрөт

Кыргызстандан эс алууга бара турган  окуучулардын көпчүлүк чыгымын Кытай тарап көтөрөт

Кыргызстандык 45 мектеп окуучусу Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги  уюштурган жайкы лагерге барып эс алып келишет. Мындай мүмкүнчүлүктү Кытай тарап ШКУга мүчө мамлекеттердин орто мектебинин окуучулары үчүн түзүп берүүдө. Бул туурасында April.kg порталына Билим берүү министрлигинен билдиришти. 

Кытай тараптын талабы боюнча, бара тургандар 10 жаштан 16 жашка чейинки, окууда мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн, грамоталарга, сертификаттарга ээ  окуучулар жана  олимпиадаларга катышып, жеңип жүргөн балдар-кыздар болушу керек.

"Облустук билим  берүү институттарынын департаменти жана усулдук билим берүү борборлору, ошондой эле, Ош жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарына окуучуларды тандоо критерийлерин жөнөттүк. Алар бара тургандарды тактап, тизмени бизге жиберишет",- деп билдирди аталган министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бегайым Абдрахманова.

Айтымында, ар бир облустан төрттөн окуучу, ал эми Оштон 7, Бишкектен 10 окуучу жөнөтүлөт. Балдарды 5 кызматкер жетектеп барып келет.

Жайкы лагерь 7-июлдан 16-июлга чейин уюшулат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 200 мектеп окуучусу бараары күтүлүүдө. 

"Үрүмчүгө чейинки барган-келген авиабилеттин баасын окуучулар өздөрү төлөшөт. Андан аркысынын баары Кытай тараптын мойнунда", -дейт Билим берүү министрлигин өкүлү.

Окуунун мыктыларына  Кытайдын 3 шаарын - Пекин, Далянь, Тяньцзинди кыдыртышат. Ошондой эле, күнүнө бир сааттык сабактар каралган. Андан тышкары, музейлерге, көргөзмөлөргө барып, Кытай элинин маданияты, искусствосу менен таанышып кайтышат.