03.10.2018 17:07

Кыргызстандык 5 спортчу Индонезияда өтө турган Параазиялык оюндарга катышат

Кыргызстандык 5 спортчу Индонезияда өтө турган Параазиялык оюндарга катышат

Индонезиянын Жакарта шаарында өтө турган Параазиялык оюндарга Кыргызстандан 5 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн спортчуларды узатуу иш-чарасы болуп өттү. Анда Агенттиктин жетекчиси Канатбек Арпачиев: «Спорттун бул түрү боюнча бизде спортсмендер аз болгон менен, Кыргызстандын командасы жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Бул оюндар Параолимпиадалык оюндарга даярдык болуп эсептелинет. Андыктан, мен өзүңүздөрдү татыктуу көрсөтөсүздөр деп ишенем. Кыргызстандын спортсмендери Жакартадагы Азия оюндарында 20 медаль утуп, жакшы жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Мунун үстүндө чоң эмгек жана машыктыруучулардын, жетекчилердин бириккен иши турат», - деп билдирди.

Эскерте кетсек, III Жайкы Параазиялык оюндар Индонезиянын Жакарта шаарында 6-октябрдан 13-октябрга чейин өтөт. Бул оюндарга Кыргызстандан 5 спортсмен барып, пауэрлифтинг жана жеңил атлетика боюнча ат салышышат. Бул оюндарга катышуу үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 млн. сом бөлүнгөн.

Бара турган спортсмендер:
Жыргалбек Оросбаев – пауэрлифтинг
Адилет Камчыбеков – пауэрлифтинг
Максат Аргымбаев –  пауэрлифтинг
Арстан Базаркулов - жеңил атлетика
Умут Саадабаева – жеңил атлетика.