22.08.2018 08:30

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду

Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп финалга чыккан. Анда Тыныбекова 2017-жылы Дүйнө чемпиону  наамын алган монголиялык Оркхон Пуревдорж менен кез келди. Беттештин 1-бөлүгүндө монголиялык балбан 3:0 эсеби менен алдыга чыккан. 2-бөлүктө Пуревдорж дагы 8 упай алып, жалпы 11:0 эсеби менен жеңишти илип кетти.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болду

Бул салмак ченинде коло медалдарды япониялык Каваи Рисако жана түндүк кореялык Жонг Сим Рим тагынды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда түндүк кореялык Жонг Сим Римди, чейрек финалда кытайлык Руи Хюну жана жарым финалда индиялык Сакши Маликти утуп алган.