25.02.2019 09:55

Кыргызстандык балбан кыздар Болгариядагы эл аралык мелдеште күч сынашат

Кыргызстандык балбан кыздар Болгариядагы эл аралык мелдеште күч сынашат

Кыргызстандык балбан кыздар Болгариядагы эл аралык мелдеште күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Dan Kolov-Nikola Petrov аталышындагы турнир 28-февралда башталып 3-мартка чейин Русе шаарында өтөт. Ага өлкө атынан машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетектөөсү менен Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы катышат. Спортчулар 62, 68 жана 76 килограмм салмактагы кыз-келиндер арасында ат салышат.

Аталган спорттук иш-чарага балбандарды катыштыруу үчүн Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекция 378 миң сом бөлдү.