19.09.2018 11:50

Кыргызстандык Эрбол Бакиров жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун алды

Кыргызстандык Эрбол Бакиров жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун алды

Словакияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын медалга ээ болду. Турнир Транава шаарында 17-сентябрда башталган.

Эрбол Бакиров 63 кг чейинкилер арасында күч сынашып, 1/16 финалда 91 секунд ичинде америкалык Алстон Жона Нуттераны 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки атаандашы армениялык Погосян Грачья болуп, андан кийин германиялык атаандашы Чловелле Ван Мэйерди 13:3 эсебинде утту.

Ал эми жарым финалдык беттеште Э.Бакиров Россиянын атынан чыккан Азамат Каиров менен күч сынашып, 68 секундда жеңишти алган. 18-сентябрдагы финалдык бөлүктө кыргызстандык балбан Египеттин өкүлү Хассан Ахмед Мохамед менен беттешип, эсеп 5:0 менен аяктады.