04.06.2018 09:24

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык  мушкер Азат Үсөналиев эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Орусияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль  жеңип алды. Бул туурасында  Санкт-Петербург шаардык бокс федерациясынын сайты жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 26-31-майда Санкт-Петербург шаарында “Губернатордун кубогу” эл аралык мелдеши болуп өткөн. Мелдешке 15 өлкөнүн боксчулары катышып, 10 салмактык категория боюнча күч сынашкан.

Ал эми Кыргызстандан барган Азат Үсөналиев 52 килограмм салмактык категорияда алтын медалды жеңип алган. Ал чечүүчү беттеште казакстандык Азат Махметов менен мушташкан.