25.08.2018 22:48

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Жайкы Азия оюндарында алтын медалга татыды

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Жайкы Азия оюндарында алтын медалга татыды

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында алтын медалга ээ болду. Бүгүн, 25-августта 10 миң метр аралыкка чуркоо боюнча жарыш өттү. 

Мелдештин бул түрүнө Кыргызстандан  Дарья Маслова катышып, 8 спортчу менен күч сынашты. Жеңил атлет  10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундада чуркап өтүп, 1-орунду ээледи. 2-орунду  Масловадан 4 секунда кеч келген бахрейндик Унсе Чумба ээлесе, 3-орун кытайлык спортчуга буюрду. 

Бул Кыргызстандын Жайкы Азия оюндарындагы экинчи алтын медалы. Биринчисин 24-августта жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу жеңип алган. Жалпысынан өлкө капчыгында 11 медаль болду - 2 алтын, 4 күмүш, 5 коло.