26.06.2018 18:01

Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдеште байгелүү орундарды багынтты

Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдеште байгелүү орундарды багынтты

Кыргызстандык жаачылар Алматыда өткөн «Улуу дала руху» аттуу эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Салбуурун федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш чарага 9 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Жаа атуу боюнча эркектер арасында 1-орунду кыргызстандык Мурадил уулу Ынтымак алды.

Кийинки байгелүү орундарды Башкортостан менен Украина багындырды. Аялдар арасында 1-орунду Украина, 2-орунду кыргызстандык Садырова Асел ээледи. Ал эми 3-орунду Калмыкиядан келген спортчу жеңип алды. 

Спорттук иш чара 22-24-июнь күндөрү өттү.