08.05.2018 10:21

Кыргызстандык жаш мушкерлер Бакуда өтө турган турнирге катышат

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Бакуда өтө турган турнирге катышат. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирет. 

«Гейдар Алиев Кубогу» эл аралык турнири Азербайжандын Баку шаарында 10-майдан 15-майга чейин өтөт. Бул үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын казынасынан 171 миң сом каралган.