19.08.2019 09:17
Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстандагы мелдеште 9 медалга ээ болушту
Өзбекстанда өткөн ачык Кубокто кыргызстандык жеңил атлеттер 9 медаль утуп алышты. Бул туурасында Өзбекстандын спорттун аталган түрү боюнча федерациясы билдирди.
Турнир 17-18 августта Ташкентте өтүп, ага Австралия, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Сауд Аравия, Тажикстан, Түркменстан спортчулары катышты. Биздин өлкөдөн 31 атлет барды.
Айнуска Калил кызы 800 жана 1 500 метр аралыкка чуркоодо күмүш медаль алды. Самат Казакбаев 1 500 жана 5 000 метрге чуркоодо күмүш байгеге ээ болду. Данияр Арыпбеков тоскоолдуктары бар 3 миң метрлик аралыкка чуркоодо күмүш медаль алды. Эркин Шеров (200 метр) менен Михаил Солошенко (1 500 метр) коло медаль алды.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: