25.08.2018 22:48
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Жайкы Азия оюндарында алтын медалга татыды
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында алтын медалга ээ болду. Бүгүн, 25-августта 10 миң метр аралыкка чуркоо боюнча жарыш өттү.
Мелдештин бул түрүнө Кыргызстандан Дарья Маслова катышып, 8 спортчу менен күч сынашты. Жеңил атлет 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундада чуркап өтүп, 1-орунду ээледи. 2-орунду Масловадан 4 секунда кеч келген бахрейндик Унсе Чумба ээлесе, 3-орун кытайлык спортчуга буюрду.
Бул Кыргызстандын Жайкы Азия оюндарындагы экинчи алтын медалы. Биринчисин 24-августта жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу жеңип алган. Жалпысынан өлкө капчыгында 11 медаль болду - 2 алтын, 4 күмүш, 5 коло.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: