18.12.2019 15:15

Кыргыз-тажик чек арасы: 6 киши түрдүү жараатарды алышып, экөөнө ок тийген

Кыргыз-тажик чек арасы: 6 киши түрдүү жараатарды алышып, экөөнө ок тийген

Кыргызстан жана Тажикистан ортосундагы чек арадагы жаңжалдан 6 киши жабыркады. Баткен облусундагы ооруканага саат 12:30да төрт аскер кызматкери жана жөнөкөй жаран түрдүү жарааттары менен келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, бир аскер кызматкерине жана катардагы жарандардын бирөөсүнө ок тийген. Калгандарынын баш-мээси чайкалган.

Баарынын тең абалы канааттандыраарлык. Учурда аларга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.

Ок тийген аскер кызматкерине бүгүн анын денесиндеги окту алып чыгуу үчүн операция жасалат.