13.01.2020 14:32

Кыргыз-тажик чек арасы: Башаламандык жана бейбаштыкка шектелип төрт жаран кармалды

Кыргыз-тажик чек арасы: Башаламандык жана бейбаштыкка шектелип төрт жаран кармалды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жанжал боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде төрт киши кармалды. Алар Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундары. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка караганда, 11-январда чек арада ок атылгандан кийин айылдын жашоочулары мечиттин жанында чогулушкан. Ал маалда Таджикистандын Исфаринский районунун Майский айылынын тургундары менен жаңжалдаша кетишкен.   

Тараптар бири-бирине таш ыргытышып, Көк-Таш айылындагы эки тамдын чатырын, «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү КР жаранына таандык автоунаанын арткы терезесин сындырып кетишкен.

Бул факт кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “массалык башаламандык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү Көк-Таш айылынын тургундары Таджик жаранын «Хюндай Портер» үлгүсундөгү автоунаасынын терезелерин сындырышкан. Бул иш боюнча “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголгон. Аталган кылмыштар боюнча Көй-Таш айылынын төрт жараны шектелип, колго түшүрүлдү.