16.01.2020 10:40

Кыргыз-тажик чек арасы: Баткен шаарында координациялык кеңешме түзүлдү

Кыргыз-тажик чек арасы: Баткен шаарында координациялык кеңешме түзүлдү

16-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу координациялык кеңешме башталды.

Кыргыз өкмөтүнүн мааламаты боюнча, кеңешмеде Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары каралат.

Кеңешмеге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

Эске салсак, күн мурун, 15-январда Бишкекте жана Баткенде чек ара маселесине байланыштуу митинг өткөн.

Каршылык акциясына чыккандар кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу менен бирге дагы төрт талап коюшкан. Алар:

  • Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын;
  • Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун;
  • Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн;
  • Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн;
  • Дагы бир талабыбыз - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Кесепетинде, 10-январда караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан. 

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.