21.02.2020 12:17

Кыргыз-тажик чек арасы: Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык сүйлөшүү башталды

Кыргыз-тажик чек арасы: Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык сүйлөшүү башталды

Бүгүн, 21-февралда Баткен шаарында кыргыз-тажик өкмөт аралык чек ара сүйлөшүүсү башталды.

Эки тараптуу сүйлөшүүгө Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим катышууда.

Тажик вице-премьери өз сөзүндө эл арасында ишенимди калыптандырыш керек экенин, эки тараптуу жумуш тобунун ишине да эл ишениши зарыл болорун айтты. Ошону менен катар ал жолугушуунун жыйынтыгы менен макулдашууга келип, документ кабыл алыш керек экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарланган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда. 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын буга чейинки жыйыны Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда өткөн.

Ортодогу маселелерди чечүү жаатында жалпы түшүнүү жана каалоо бар экени айтылган.