10.01.2020 10:05

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуу токтоп, абал турукташты

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуу токтоп, абал турукташты

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптан ок атуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда.

Ага карабастан, Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер болсо кадимки режимде иштеп жатат.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады. Ок тажик тараптан гана атылып, маал-маалы менен кайталанууда.

Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Баткен облусунун аймагында чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Аскерлердин аракеттерин Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев көзөмөлдөөдө.