23.01.2020 17:37

Кыргыз-тажик чек арасы: Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришти

Кыргыз-тажик чек арасы: Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришти

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Ак үйдүн алдына митингке чыккандарды “акчага жалданган кишилер” деген сөзү үчүн аткаминер Жеңиш разаковду сотко беришти.

Белгилүү болгондой, журналист Канышай Мамыркулова 23-январда доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Ал вице-премьер-министр Жеңиш Разаков адамдын кадыр-баркына жана жарандык ар-намысына шек келтирди деп эсептейт.

Бул себептүү Разаковду 5 миллион сом айыппул төлөтүүнү талап кылып жатканын маалымадаган.

“Эгер ошол каражат өндүрүлсө, биз Баткен элинин социалдык ал-абалын чыңдоого жумшап берет элек. Бул жөн гана жарандык позиция. Болбосо, Разаковдун акчасына ким байыйт?!”,-дейт журналист.

Эске салсак, 21-январда Разаков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып 15-январда Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп айткан.

Мурдараак, 13-январда Кадамжай райондук соту Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургунун «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү деп таап, аларды бир айга камакка алган.

Белгилей кетсек, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талап да бар экенин айткан.