17.02.2020 14:07

Кыргыз-тажик чек арасы: жарандык активисттер Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өткөрүшөт

Кыргыз-тажик чек арасы: жарандык активисттер Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өткөрүшөт

Эртең Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык актиситтер билдиришти.

Алар Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси генерал-майор Абдулло Навжувоновдун билдирүүсүнө каршы чыкмакчы.

«Тажик генералына жана анын үй-бүлөсүнө Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу керек», — деп билдирди активист Токтайым Үмөталиева.

Митингде тажик президенти Эмомали Рахмонго Абдулло Навжувоновду кызматтан бошотуу жана жоопкерчиликке тартуу сунушталат.

Эскерте кетсек, тажик генералы 12-февралда маалымат жыйында Баткен облусу эч качан Кыргызстандын аймагы болбогондугун айтты.