19.12.2019 12:15

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын экөөсүнө операция жасалды

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын экөөсүнө операция жасалды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык жана туруктуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, жаракат алган бир жарандын денесин ок тешип кеткен. Ага алгачкы хирургиялык жардам көрсөтүлгөн. Операция болгон дагы бир жабырлануучунун абалы туруктуу, көзөмөл алдында жатат. Жаракат алагандардын баардыгы тең учурда ооруканада жатышат.

Эске салсак, күн мурун, 18-декабрда кыргыз-тажик чек арасыннын такталбаган тилкесине жакын жайгашкан Көк-Таш айылында жергиликтүү тургундардын арасында пикир келишпестик жаралып, бири-бирине таш ыргытышып башташкан.  

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда окуяга эки тараптан тең 200гө чукул адам катышкан. Чыр-чатакты алдын алуу максатында эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү, облустук администрациялардын башчылары укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң жаңжал тынчыганы менен, көп өтпөй кайра жанданган.