12.12.2019 09:29

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Кечээ Баткен районуна караштуу Миң-Булак калктуу конушунда тактала элек тилкеде Тажикстандын жарандары алты трактор менен жерди түздөп, айыл чарба иштерин жүргүзө башташканы маалымдалган.

«Кыргыз чек арачылары ал жерге барып, тактала элек жерде ишти токтотууну талап кылышты. Бирок коңшу республиканын тургундары бул талапты аткаруудан баш тартышты. Натыйжада эки тараптын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссия чек ара сызыгын аныктап бергенче иштерди токтотуу чечими кабыл алынды. Тажик тарап айыл чарба техникасын Кара аймагынан алып чыгып кетти», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Тажик тарап окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек.