«Кыргызтелеком» ААКка жаңы төрага шайланды

«Кыргызтелеком» ААКка жаңы төрага шайланды

«Кыргызтелеком» ААКка жаңы төрага шайланды. Бүгүн, 27-июнда ишкана жамаатына төрага Атай Асылбеков тааныштырылды. Бул туурасында акционердик коомдун маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүнкү отурумда Атай Асылбековдун талапкерлигин директорлор Кеңеши толук колдогон. Аны бул кызматка КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан көрсөтүшкөн.

«Кыргызтелеком» ААКтын жаңыртылган курамы:

Асылбеков А.И. – «Кыргызтелеком» ААК башкармалыгынын төрагасы;

Акматов Э.Ж. –  Башкармалыктын мүчөсү – Коммерческий директор;

Эшимбеков Б.А. – Башкармалыктын мүчөсү– Административдик директор;

Чылпанов Н.С. – Башкармалыктын мүчөсү – Техникалык директор;

Жанузаков У.С. – Башкармалыктын мүчөсү – Өнүктүрүү боюнча директор.