19.02.2020 14:10

Кыргыз-өзбек чек арасы: Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын 13 жаранын кармап кетишти

Кыргыз-өзбек чек арасы: Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын 13 жаранын кармап кетишти

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын 13 жаранын кармап кетишти. Бул тууралуу окуя болгон аймакта жашаган жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-февралда эртең менен Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен 13 кыргыз жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап алышкан.

Алар Талас облусунан аймакка эки машине менен келген дааватчылар экени айтылууда.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы тастыктады. Расмий маалыматка караганда, чек арага жакын аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары чек ара кайсы жерден бөлүнөрүн билбестиктен өтүп кетишкен. «Өзбекстан чек арачылары кармаган кыргызстандык жарандардын тек-жайы такталууда жана аларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат» деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы.

Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айылдыктар буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанып келишкен.