19.02.2020 16:37

Кыргыз-өзбек чек арасы: Өзбекстанга адашып кирип кеткен кыргыз жарандары кайтарылды

Кыргыз-өзбек чек арасы: Өзбекстанга адашып кирип кеткен кыргыз жарандары кайтарылды

Бүгүн, 19-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун кыргыз-өзбек чек арасындагы тилкеден мыйзамсыз өткөн 13 кыргыз жаранын Өзбекстан мекенине кайтарып берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Кадамжай районуну Чекелик айылында Таластан барган даватчылар адашып, Өзбекстанга өтүп кетишкен. Аларды коңшу өлкөнүн чек арачылары кармаган.

«Териштирүү учурунда алар билбей Кыргызстандан  Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкени аныкталган. Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин алар Кыргызстанга кайтарылып берилген», — деп жазылат маалыматта.