12.12.2019 16:00

"Кырк чоро" кыймылы Раимбек Матраимовду колдоп чыкты

"Кырк чоро" кыймылы Раимбек Матраимовду колдоп чыкты

«Кырк чоро» кыймылынын лидерлери Раимбек Матраимовду колдоп чыгышты. Бул тууралуу чуулгандуу кыймыл бүгүн, 12-декабрда маалымат жыйынын уюштурушуп билдиришти.

Алардын айтымында, КР бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу жарандык активисттердин талаптарын колдошпойт.

Анын үстүнө Раимбек Матраимовго каршы митингдер Батыштын оюну болгондуктан, ага катышпай тургандарын билдиришти. “Бул багыттын” уюштуруучусу катары Ширин Айтматованы аташып, экс-депутатты дагы айланып өтүшкөн жок.

Кыймылдын мүчөсү Уран Рыскулов “Кырк чоро” бийликтин коррупция менен болгон күрөшүн колдой тураарын, бирок аталган тармакта башка бирөөлөрдүн оюнуна каршы чыгышаарын айтты.

“Кырк чоро” келээрки парламенттик шайлоолорго катышпай тургандыгын жана саясий партиялардын бирин дагы колдошпоорун бышыкташты.

“Кырк чоро” кыймылынын азыркы тапта 4 миң 700 мүчөсү бар экени маалымат жыйынында маалым болду.