04.06.2018 17:10

Кытай апрель айынан бери Эверест тоосунан 8,5 тонна таштанды тазалады

Кытай апрель айынан бери Эверест тоосунан 8,5 тонна таштанды тазалады

Кытай апрель айынан бери Эверест тоосунан 8,5 тонна таштанды тазалады.  Global Timesтын кабарына караганда 30 кишилик бир группа тибеттик альпинисттер менен жүргүзүлгөн тазалоо иштеринде Эвересттен 5,2 тонна үй таштандысы, 2,3 тонна ар түрдүү таштанды жана альпинистик материал чогултулду.

Тибет менен Непалдын ортосундагы 8 миң 850 метр бийиктиктеги Эверестте альпинисттердин артында калтырган тоңуп калган таштандылар глобалдык ысуунун таасири менен эрип, аймакта экологиялык маселе жаратууда.

Тибеттик жетекчилер 2015 - жылдан бери Эверестке чыккан ар бир альпинистке тоодон түшүп келе жатканда,  эң аз болгондо 8 килограмм таштанды сала келүү үчүн эки баштык берүүдө. Кем болгон ар бир килограмм үчүн 100 доллар жаза берилет. Непал да  2014 - жылдан бери ушуга окшогон эрежени койду.