17.02.2020 09:33

Кытай бийлиги: Коронавирустун белгилерин жашыргандар өлүм жазасына тартылат

Кытай бийлиги: Коронавирустун белгилерин жашыргандар өлүм жазасына тартылат

Кытай бийлиги дене табы бар же жөтөлүп жаткан адамдарды коомдук транспортторго түшүүгө тыюу салды. Тактап айтканда, автобуска, поездге жана учакка түшкөнгө болбойт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ошондой эле кытай бийлиги кимде ким коронавирустун белгилерин жашыра турган болсо, ал өлүм жазасына тартыларын эскертти. Мындай чечимди кечээ, 15-февралда кытайдын сот бийлиги чыгарды.

"Кимде ким коронавирус тууралуу маалыматты бурмаласа же саякаттап келгенин жашырса кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгерде вирусту жуктуруп алганын билип, бирок башкаларга дагы таратса ал дагы жоопкерчиликке тартылат. Тактап айтканда, 10 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылат. Ошондой эле эпидемиялык оору чыккан жерден майрамдардан кийин үйлөрүнө кайтып келип жаткан бардык жарандарга 14 күндүк карантин жарыяланат. Кимде ким бул шартты бузган болсо ал жаран дагы жоопкерчиликке тартылат", - деп жазылат маалыматта.

Кытайдын өзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 66 миңден ашып, 1500гө жакын киши жашоо менен кош айтышты. Ошол эле кезде ооруну жугузган 5500 киши сакайып кеткени кабарланууда.