16.05.2018 12:37

Кытай насыясынын үстөк пайызын жана жыйымдарын төлөөгө 19 млн доллар кетти

Кытай насыясынын үстөк пайызын жана жыйымдарын төлөөгө  19 млн доллар кетти

Бишкек ЖЭБине алынган 386 млн доллар насыя үчүн Кыргызстан 20 жыл аралыгында 493 млн доллар көлүмүндө карыз төлөйт. Бул туурасында мурдагы каржы министри Ольга Лаврова ЖК жыйынында Акылбек Жапаровдун суроосуна жооп берип жатып, билдирди. 

Эл өкүлүн Бишкек Жылуулук электр борборун реконструкциялоо үчүн алынган насыя боюнча кытай тарапка кайра канча каражат төлөөрүбүз кызыктырды.

«Биз Бишкек ЖЭБи боюнча 386 млн доллар жөнүндө эле сөз кылып жатабыз, бирок төлөй турган карызыбыз башка да, туурабы?»- деди Жапаров.

«Азырынча негизги карызды төлөй турган мөөнөт жете элек, ал 2023-2024-жылдарга туура келет. Азыр үстөк пайыздар менен комиссиялык жыйымдар гана төлөнүүдө. Канча каражат төлөнгөнүн каржы министри так билет болуш керек», - деди мурунку каржы башчысы Лаврова.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков болсо, ушу тапта насыя боюнча 19 млн 117 миӊ доллар төлөнгөнүн, анын ичинде 16 млн 707 миӊ доллар – үстөк пайыздар, 1,7 млн доллар – комиссиялык жыйымдар, 694,8 миӊ доллар –бир жолку жыйымдар экенин билдирди.