07.05.2018 12:03

Кытайда 118 баланы багып алган аял камакка алынды

Кытайда 118 баланы багып алган аял камакка алынды

Кытайда Хэбэй провинциясынын Уань шаарынын бийлиги 118 баланы асырап алууга миллиондогон юандарды короткону менен атагы чыккан аялды камакка алып, анын жеке балдар үйүн жабуу тууралуу  токтом чыгарды. Бул туурасында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирүүдө.

Өзүн "миллионермин" деп атаган Ли Лицзюань балдарды камкордукка алууну 1996-жылы баштап, 2007-жылы “Мээрим кыштагы” деп аталган  жеке менчик балдар үйүн ачкан.

118 баланы асыроого алган аялдын ишмердүүлүгү тууралуу ЖМКлар байма-бай кабарлап тургандыктан, ал  бүт өлкөгө  белгилүү болгон.

Аял атактуулукка жеткенден кийин, демөөрчүлөрдөн, казынадан балдар үчүн түшкөн акчаны  өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп баштаган. Ошондой эле, багып алган балдарын бетине кармап, жергиликтүү аткаминерлерди коркутуп келген.  

ЖМК маалыматтарына караганда, аял балдар үйүнүн имаратынын үстүнөн  чубалгы өткөргүсү келген компанияны коркутуп, 70 миң юань алган.  Ал эми мейманкана жана госпиталдан 300 миң юань талап кылган.

Бийликтин айтымында, балдар үйүндө тарбияланат делген  кээ бир балдардын өз ата-энелери болгон. Алардын аты-жөнүн  аял  бийликти алдап, аларды багуу  үчүн мамлекеттен  субсидия алыш үчүн  колдонгон.

Ошондой эле, балдар үйүндө уурдалган балдар дагы болушу мүмкүндүгү айтылууда. Полиция жоголгондордун маалымат  базасынан текшерүү үчүн балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын канынын үлгүсүн жана манжаларынын  изин алды.

Аял болсо, бир нече берене боюнча шектүү деп табылды. Полиция анын  банктагы 20 млн юань (3,1 млн доллар) жана 20 миң доллардан ашык акчасын тоңдурду.