08.06.2018 08:30

Кытайда 5-кабатта илинип калган бала куткарылды

Кытайда 5-кабатта илинип калган бала куткарылды

Кытайдын Хунань провинциясынын Хуайхуа шаарында 5-кабатка илинип калган бала куткарылды. Бул окуя түшүрүлгөн тасма Фейсбукта жарыяланды. 

Күбөлөр тарткан тасмада, бөбөк терезеден түшүп кетип, бирок темирге илинип, бийиктикте асылып калганы көрүнүп турат. 

Өтүп баратып, баланын ыйлаганын уккан жаран асылып турган бөбөктү көрүп, куткарууну чечет. Ал терезелердеги торлорго тартынып, 5-кабатка чыгып барат. Кокус кулап кетсе, тосуп калуу үчүн жергиликтүү тургундар жерде брезент жайып кармап турушат. 

Куткаруучу жогорку кабатка көтөрүлүп, ыйлап жаткан баланы батирдин ичине терезеден түртүп киргизип, өзү кайра чыккан  жолу менен түшүп кетти. 

Кийин куткаруучунун аты  Чжан Синь экени айтылды.

Буга чейин Парижде Малиден келген иммигрант баланы куткарып калып,  «Жөргөмүш-адам»  атыккан болчу. Ага Франция президенти француз жарандыгын берүүнү убадалаган.