21.11.2018 13:27

Кытайда банк кызматкерлерине жетекчиликтин уруксаатысыз боюна бүтүрүүгө тыюу салган

Кытайда банк кызматкерлерине жетекчиликтин уруксаатысыз боюна бүтүрүүгө тыюу салган

Кытайдын Хэбэй провинциясындагы Шицзячжуан шаарында коммерциялык банктын кызматкерлерин балалуу болуш үчүн жетекчиликтен уруксаат алууга милдеттендиришти, деп жазат Daily Mail басылмасы.

Компаниянын эрежелери боюнча, жетекчилик колдобогон учурда бойдон түшүрүү талап кылынган. Ал эми аборт кылууну каалабаган аялдарды жазалашкан. Бир жыл ичинде кош бойлуу болууну пландагандар январда бул тууралуу жетекчиликке маалымдаш керек эле. 

Банктын бир кызматкери шаардык профсоюздук уюмга кайрылып, кокустан боюна болуп калып, алдырбай койгону үчүн жазалашканын билдирген. Ал ошондой эле, мындай абалга туш болгон башка аялдарды да билерин кошумчалаган.

Профсоюздун кийлигишүүсүнөн кийин банк бул талапты жокко чыгарып, жабырланган бардык кызматкерлеринен жазаны алган. 

Белгилей кетсек, буга окшош окуя 2015-жылы да жүз берген. Анда Хэнань провинциясынын кредиттик уюмдарынын бири жетекчиликтин уруксаатысыз боюнда болгон аял кызматкерлерге миң юань (9,5 миң сомдой) айып салып,  «он үчүнчү маянасын» кесип, кызматтык тепкичте жогорулоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.