11.06.2018 09:18

Кытайда медсестранын шалаакылыгынан ымыркай бутунан ажырады

Кытайда медсестранын шалаакылыгынан ымыркай бутунан ажырады

Кытайда хирургдар иштеп жаткан фендин алдында 2 саат калган ымыркайдын бутун кесип салууга  аргасыз болушту. Бул туурасында The Mirror басылмасы билдирди.

Кырсык Хэнань провинциясындагы Чжумадянь шаарында болуп өткөн.  8 айлык төрөлгөн бала ара төрөлгөндөрдүн бөлүмүндө жаткан. Медсестра жаңы эле жуунтулган бөбөктөрдү фень менен кургатып жатып, кокусунан  аны иштеткен боюнча калтырып басып кеткен. 

Медиктер эсине келип фенди өчүргүчө 2 саат өткөн. Бул убакытта ысык аба агымы баланын бутун катуу күйгүзүп, териси сыйрылып түшүп калган.

Мындан улам, хирургдарга баланын буттарын кесип салууга туура келди деп билдирет басылма. 

Бул окуядан улам, ал күнү нөөмөттө турган медсестралар жумуштан айдалды. Ал эми оорукананын жетекчилери кечирим сурап билдирүү таратышты. Ошондой эле, баланын ата-энесине медициналык чыгымдары үчүн 610 миң юань ( 95 миң долларга жакын) сунушташты. Бирок, баланын атасы бул акчаны аз деп таап,  баш тартты.

«Эгер медсестра балдарга көңүл бөлүп, фенди бат алып салганда, менин балам майып болмок эмес, жеңил күйүк менен кутулмак», —деди нааразы ата.