28.01.2020 15:38

Кытайда окуп жаткан кыргызстандык студенттер мекенине кайтты. Учурда алар изолятордо

Кытайда окуп жаткан кыргызстандык студенттер мекенине кайтты. Учурда алар изолятордо

Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-январда эртең менен алты кыргызстандык Кытайдын Үрүмчү шаарынан келишти. Алар Шиңжаң университетинин студенттери.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти бул тууралуу комментарий берди.  

Абалы жакшы. 10-14 күн байкоодо болот. Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), аларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилери жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө жүрүп жатат”,-дейт жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева.

 

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул студенттер Кыргызстанга 27-декабрда каникулга келип, 21-январда кайра Үрүмчүгө кайтышкан. Алар Бишкекке Казакстан аркылуу келди.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты.