21.01.2020 16:53

Кытайда жаңы вирус пайда болуп, төрт кишинин өмүрүн алды

Кытайда жаңы вирус пайда болуп, төрт кишинин өмүрүн алды

Кытайда өпкөну сезгенткен жаңы вирус күч алууда. Кесепетинде жугуштуу ооруга чалдыккан төрт киши каза тапты. Коркунучтуу дарт алгач Кытайдын бир нече аймактарында катталып, эми Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда дагы аныкталып жатат.

Жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Кытайдын саламаттык сактоо мекемеси 20-январда жаңы коронавирусту 15 медицина кызматкери жугузуп алганын ырастады. Алгач бул вирустан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ухань провинциясында 89 жаштагы карыя каза тапкан.

Вирустун жайылышы боюнча тынчсыздануу Кытайда 25-январда белгилене турган Жаңы жылына байланыштуу күч алды. Анткени майрам күндөрү Кытайдын ичинде жүз миллиондогон адамдар ары-бери саякаттап, тууган-уругуна конокко барышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 21-январда чукул жыйын өткөрүп, белгисиз вирусту талкуулады. Австралиянын бийлиги Ухандан келген бардык жүргүнчүлөрдү текшере баштай турганын жарыялады.

Ал эми Кошмо Штаттардын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору 18-январда билдиргендей, Сан-Франциско, Лос-Анжелес жана Нью-Йорк аэропортторунда Кытайдын борбордук бөлүгүнөн баргандардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт.